www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 14-октябрга чейин абакта калтырылды. Мындай өкүмдү Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы бүгүн, 2-сентябрда чыгарды.
Жекшеналиевди сот залынан күч колдонуп алып кетишти. Аны сыртка алып чыгып жатышканда күзөтчүлөр анын колун кайрып жатканын айтып кыйкырган.
Эске салсак, "Полит Узник" Facebook баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон.
Булак: NazarNews.kg