www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Апелляциялык коллегиясы экс-министр Куандык Бишимбаев менен анын тууганы Бахытжан Байжановго карата чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды, деп билдирет «Казинформ».

Сот жактоочулардын арызын канааттандырган жок.

Эске сала кетсек, казак борбор калаасынын сотунда Куандык Бишимбаев менен Бахытжан Байжановдун иши боюнча апелляциялык соттун отуруму өттү. Сотто биринчи болуп мурдагы министрдин жактоочусу Эрлан Газымжанов сөз сүйлөдү. Ал биринчи инстанциядагы сот тарабынан 20 мыйзам бузуу фактысын аныктаганын айтып, аларды апелляциялык арызында көрсөткөн.

2024-жылдын 13-майында Астананын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык соту Куандык Бишимбаев менен Бахытжан Байжановго өкүм чыгарган.

Судья Айжан Кулбаева Куандык Бишимбаевди жубайы Салтанат Нукенованы кыйноого алып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деген айып менен 24 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести. Анын тууганы Бахытжан Байжанов өзгөчө оор кылмышты жашырганы үчүн 4 жылга орточо режимдеги колонияга кесилген.

Өкүм жарыялангандан кийин мыйзамда белгиленген мөөнөттө соттолгондордон жана алардын жактоочуларынан өкүмгө даттануулар түшкөн.

Последние новости