www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун тынчтык күчтөрү менен "Бузулбас боордоштук-2024" командалык-штабдык машыгуу боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүлөр өттү. Бул туурасында ЖККУнун маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Тажикстан, Казакстандын кызыкдар болгон министрликтери, ведомстволорунун өкүлдөрү, Бириккен штабдын офицерлер тобу жана ЖККУнун катчылыгынын кызматкерлери катышты.

"Сүйлөшүүлөр учурунда машыгуулардын планы, бириккен команда менен ЖККУнун тынчтык күчтөрүнө бөлүнгөн улуттук контингенттердин курамы талкууланды. Андан сырткары, тажрыйба топтоо аракеттеринин тартиби жана ар тараптуу камсыздоо маселелери каралып, макулдашылды. Машыгуу өткөрүлө турган жер катары Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн "Берег" полигону каралып, даярдалган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында делегация башчылары тиешелүү протоколго кол коюшту", — деп айтылат документте.

Машыгууну Казакстанда ЖККУ форматында өткөрүлгөн биргелешкен машыгуулар комплексинин жыйынтыктоочу этабында уюштуруу пландалып жатканы айтылды

Последние новости