www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот ири алдамчылыкка шектүү жаранды үй камагына чыгарды

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Свердлов РИИБине К.Э. аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда .Ж. аттуу жаран арыз ээсине акча алмаштыруучу жайдан акча каражаттарынын пайдалуу жүгүртүлүшү үчүн кызмат көрсөтүүнү убада кылып, 2 миллион 300 миң сом каражатын ээлеп алып, из жашырып качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип, 1974-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту шектүүнү үй камагына чыгаруу чарасын тандады", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости