www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын соту порнографиялык актриса Сторми Дэниэлсти АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын 120 миң доллар соттук чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди, деп билдирет Fox News.
Маалыматка ылайык, бул акча Дэниэлстин буга чейин Ак үйдүн мурдагы башчысына карызы болгон жарым миллион долларга кошумча болуп саналат.
Буга чейин порнографиялык актриса 2018-жылы Трампка каршы доо арыз менен сотко кайрылып, сотто утулуп калган, бирок дагы эле анын соттук чыгымдарын компенсациялай элек.
Бир күн мурун Дональд Трампка Trump Organization компаниясынын бизнес документтерин бурмалоо боюнча угуунун алкагында 34 пункт боюнча айып тагылган. Топтолгон айыптар боюнча эң жогорку жаза 136 жыл.
Экс-президент күнөөсүз экенине ынанып, “Америка тозокко барат” деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg