www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттиктин (ЮСАИД) колдоосу менен Кыргызстанда сот реформасына багытталган “Укук булагы” долбоору башталды. Анын максаты - өлкөдө соттордун ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана коррупцияны азайтуу.
Жаңы долбоордун ачылышына 11-февралда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон катышты. Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылга чейин уланып, ага ЮСАИД тарабынан 9 миллион доллар бөлүнөт.
Кыргызстанда сот системасы коомчулуктун сынына кабылган тармактардын бири. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келет.
Булак: NazarNews.kg