www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары болууга ат салышып жаткан «Социал — демократ» партиясын жарыштан четтетүү чечимин кабыл алды.

Бүгүнкү 14-ноябрдагы жыйынында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократ» партиясынын маселесин карады. Партияны шайлоодон четтетүү сунушуна комиссиянын сегиз мүчөсү тең макул болушту.

Аталган партия боюнча мындай чечим кабыл алууга добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иши себепчи болгон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Б. Конуровдун айтымында бул партияга буга чейин да эскертүүлөр берилген.

Кечээ кечинде аталган партиянын лидерлери Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милицияга суракка чакырылган. Алар бир нече сааттык сурактан соң милициядан чыгашкан. Кийин Темирлан Султанбеков менен атасын кайра суракка алып кетишип, атасы кийинчерээк бошотулган.

Муну менен катар партиянын башка мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер да добуш сатып алууга айыпталып калмалган.

Кадыр Атамбаев Темирлан Султанбековдун 16 сааттан бери кайда экендигин билбей жатышкандыгын, ал эми аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

Последние новости