www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тууралуу социалдык тармакта тарап жаткан аудио жаздырууну атайын уюштурулганын жана керектүү сөздөр кыркылып, толук версиясы монтаж болгон деп эсептейбиз. 

Сөз болуп жаткан 5 гектар жер аянты Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө карабайт. Ал жер өнөр жай багытындагы жеке менчик жер, ээси жеке тарап. Ошол жер ээси Ош облусунун башчысына кайрылып, өнөр жай багытынан калктуу конушка өзгөртүп берүүнү суранган. Мындай жол менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарына акысыз жер тилкесин берүүнү айткан. Төлөйкөн айыл өкмөтү Ош шаарына жакын жайгашкандыктан жер тилкесине кезекке турган жарандардын саны көп.

Аудио жазуу боюнча: Ош облусунун башчысы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы менен болгон сүйлөшүүдө эч кандай мажбурлоо аракетин жасаган эмес жана мыйзамдуу болсо тургундардын жер тилкеге болгон муктаждыгын чечүү сунушун айткан. Бирок атайын жаздырып алган аудио жазууда ал сөздөр чыкпай, монтаждалган. Бирок, бүгүнкү күндө аталган маселе сөз болгон боюнча калган. 5 гектар жер аянты өнөр жай багытынан өзгөртүлгөн эмес.

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар дайым мыйзамдуулукту алдыңкы орунга коюп, Ош облусунун тургундарынын жерге болгон кезек күтүү, жерге болгон муктаждыкты чечүү максатында иш алып барууда. 

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы.

Эске сала кетсек, бизге жеткен маалыматтарга караганда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматтан кетүү боюнча арызын буга чейин жазганы маалым.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости