www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Мен Кыргызстандын жаранымын, 20 жылдан ашык стажы бар офицермин, жашы жете электерди кылмышка күнөөлөп, кылмышкерлерди жаап-жашырууга батынбайм", - деп Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев ММК өкүлдөрүнө жана активисттерге билдирди.
"Эгер менин сөздөрүмдө катачылык болсо, кечирип коюңуздар", - деди ал.
Ногойбаев белгилегендей, ал өзүнүн аракетин баамдап, айткан сөздөрү үчүн толук жоопкерчилик тартат.
"Менин билдирүүлөрүмдү бурмалоого, туура эмес чечмелөөгө жана коомчулукту адаштырбоого чакыргым келет", - деди ал.
Эске салсак, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйында Бишкек шаарында зордуктоого кабылгандан 5 айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген. Ал анда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын айткан.
Ногойбаевдин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын дарегине сын-дооматтар айтылган.
Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин жашы жете элек кыздар тууралуу билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg