www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган президенттик шайлоого оппозициядан көрсөтүлүп жаткан Кемал Кылычдароглу менен жолугушкан АКШнын элчисин Анкарада кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Түркиянын президенттигине жети оппозициялык партиядан көрсөтүлүп жаткан Кемал Кылычдароглу менен жолугуу демилгесин америкалык дипмиссиянын өкүлү Жеффи Флейк көтөргөн.
"Жо Байдендин элчиси Кемал мырза менен жолугууда. Уялбайсыңбы, бир аз ойлонуш керек да. Сен элчисиң. Бул жакта сенин сүйлөшө турган адамың — президент. Ушундан кийин кайсы бетиң менен президентке жолугам деп айтасың? Биздин эшигибиз жабылды, мындан ары бул жакка жол жок. Эмне үчүнбү? Өз ордун билсин", — деген Эрдоган.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген.
Шайлоого чейинки изилдөөлөр алдыдагы жарыштын фаворитин аныктай элек, анткен менен эксперттер бийликтеги партия үчүн бул шайлоо кыйла оор болорун божомолдоп жатышат.
Буга 50 миң кишинин өмүрүн алган жер титирөөнүн кесепети жана өлкөдөгү оор экономикалык кырдаал себеп болорун айтышууда.
Булак: NazarNews.kg