www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-апрелде, Бишкек ШИИБинин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда.
Эске салсак, Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйынында Бишкек шаарында зордуктоого кабылгандан 5 айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген. Ал анда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка бараарын, ушундан улам «кырсыктар» катталып жатканын айткан. Ногойбаевдин бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын дарегине сын-дооматтар айтылган.
Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин жашы жете элек кыздар тууралуу билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg