www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Жер титирөөгө туруктуу курулуш институтуна Ю.Абдрахманов көчөсү №148 дарегинде жайгашкан имаратты текшерүүнү тапшырды.

«Бул имарат жер титирөөгө туруктуу эмес. Жер титиресе, биринчи кулайт. Пайдубалы жок. Мен бул имаратты 40 жылдан бери билем. Меш менен жылычу, контрамарка болчу. Ичине кирсең «страшный». Акча алмаштыруучу жайлардын акчасы бар.

Институт корутундусун чыгарышы керек. Эгерде институттун башы экөө болсо, туруктуу деп берсин, эртең жер титиреп, кулап калса, жооп берет. Туруктуу деп берсе, жөн койгула, бирок бере албайт. Бул имарат — жеке менчик. Ордуна сонун имарат курсун. Акча алмаштыруучу жай ачабы, банк ачабы, каршы эмеспиз», - деди мэр.

Аталган даректе акча алмаштыруучу жайлар жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости