www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыкпай турган сөз эле, чыгып кетти өзү эле дегендей, Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин министринин орун басары Каденова Зууракандын Сеул аэропортундагы таржымалынын аркасынан министирликте мыйзамды бузуу, өкмөттүн каражатын туураа эмес пайдалануу фактылары чыгып жатканын интернет аркылуу окуп жатабыз. Социалдык өнүгүү тармагынын көйгөйлөрү мына эми өкмөттүн да, депутаттардын да, көңүлүнүн борборунан орун алды окшойт. Күн алыс кылт этип, биз кеп кылып жаткан министирликке нааразылыктар да айтыла баштады. Министр, орун басарлары болуп чет өлкөдө эле жүрүшкөнү маалымат болуп жатат, ал жактан эмне үйрөнүп, кыргыз эли үчүн пайдалуу эмне билип келишкендери да белгисиз.

Ар бир жетекчи өзүнүн башкарган мекемесинин атасы же энеси эмеспи, балдарын жана үйүн кандай караса, үйдөгү абал ошондой болот. Демек социалдык өнүгүү министирлигинин ата энеси, эки кундун биринде эле саякаттап жүрсө, алардын балдарынан эмне күтө алабыз? Албетте кайдыгерлик, эптеп күн өткөрмөй, жем-корлук, баш ийбестик, ишке илең салаң мамиле кылуу, уурулук, өзү билемдик, туруксуздук, максаттын жана идеологиянын бузулушу жана жоголушу. Буга далил, социалдык өнүгүү системасынын ишинде эч кандай олутту өзгөрүү көрүнө элек. Суусаган дарак сыяктуу эле, мына бүгүн аталган министирлик түп тамырынан  бери реформага     муктаж болуп турат.

Бирок бул мезгилге дейре Өкмөттөн да, Жогорку Кенештен да социалдык өнүгүү тармагына тереңирээк көңүл бурулбаган сыяктуу. Анткени, 2011 жылы 5 июльдагы № 365 Өкмөттүн токтому менен бекиген «Социалдык жумушчулар жөнүндөгү типтүү жобо» андан мурда  иштелип чыккан жободон олуттуу айырмасы аз. Социалдык жумушчунун функционалдык милдеттенмесине киргизилген өзгрүүлөр да анча эмес. Бул жобо үстүртөн иштелип чыкканы көрүнүп турат. Өкмөт тараптан көрүлгөн камкордуктарды социалдык жумушчулар өз убагында колдоно алышпаган. Айтсак, жогорулаган эмгек акыларын үч төрт ай кечигип алышкан фактылар жок эмес. 2017 жылы  ноябрь айында чыккан «Социалдык жумушчуларды кийим менен камсыз кылуу» жөнүндөгү Бишкек шаардык Кенештин №40 токтому боюнча иштер 2018 жылы, бир жылдан кийин каралууда. Бу да болсо социалдык өнүгүү тармагына кылынган мамиленин денгээли.

Бүгүнкү күнгө дейре социалдык жумушчулардын  статусун көтөрүү маселеси  чечиле элек. Же муниципиалдык, же мамлекеттик органга кирбегендиктен, алар жол киреден башка женилдиктерди колдоно алышпаган.

Бала ыйлабаса, эмчек кайда дегендей, алар өзүлөрүнүнө тиешелуу эмгек укуктарын талап кылышпагандай. Антейин десең, эмчек сурабаган, ыйлабаган «искусственниктер» арасында жок эмес. Мындайларга жанылануунун кереги жок сыяктуу, өлбө жаным өлбө, сынба арабам сынба деп пайда түшчү булакты таап алып, жылуу уя жасап алышкан. Ал уядан чыккысы келбей, ар кайсы шылтоо менен жаныланууну кабыл алышпай ага бут тоскондор да арбын. Заман өзү эшикти кайра кайра каккылап жаныланууну, ишти талап кылып жатса да, жогор жактан буйрук келмейин кун өткөрүп отура берген жетекчи адистер жок эмес. Социалдык тармактын бирден бир иштей турган милдети бул коомдогу социалдык абалды кароо эмеспи. Ал эми абал кандай? Күндөн күнгө селсаяктардын саны өсүп, проституцияга жашы жетелек өспүрүм кыздар азгырылып; жаш өспүрүмдөр арасында суицид көбөйүп; таштандыга ыргыган ымыркай итке жем болуп; мигранттардын балдары зомбулукка кабылып, жашы жете элек балдар оор кара жумуш аткарып; жаштардын идеологиясы бузулуп, дегеле эмнесин айтасын, коомдун социалдык абалы төмөндөп бара жатат. Бир жолу ИИМ министри Кашкар Жунушалиев проституция менен жалгыз эле милиция иштеши керек эмес деп айткан эле, бул сөзү менен Жунушалиев К. болуп жаткан көйгөйлөрдү токтотууга коомду бүт чакыргандай болгон. Ал эми адамдын бузулган чөйрөгө, нысапсыз иштерге бараткандагы жолун тосуп калуу, учурунда байкап, контролдоп аны ошол кептелип калган социалдык абалдан сууруп чыгуу балким социалдык өнүгүү тармагынын бирден бир милдети болуп жүрбөсүн.

Ким кандай ойлосо да, бүгүнкү күнү социалдык өнгүү тармагын түп тамырынан бери тазалап, иштөө системасын элдин ыңгайына карата реформалоо жана акча каражатты экономдоо максатта бир бирин кайталаган структуралардан арылыш үчүн глобалдык оптимизациялоо керек.

Ошондой эле, министирликтин атын да өзгөртүү керектиги зарыл, бул министирлик мурда “социалдык  коргоо” болуп аталчу, кийин “социалдык өнүгүү” деп өзгөрдү. “Социология” - деген сөз латын тилинен которгондо адамдардын массалык жүрүш турушунун, закон ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим. Демек “социалдык абалды көзөмөлгө алуу” министирлиги десек болчудай. Ошондо аталган министирлик жардам эле бербестен, коомдогу абалга да жоопкерчиликтүү болушат. Милициянын участковыйлары сыяктуу эле, социалдык участковый болсо, алар эриш аркак иш жүргүзүп жер жерлерде социалдык абал жакшыраарында шек жок.

Балык башынан сасыйт болуп, эмгек жана өнүгүү министирлиги катуу кепке калды. Министр, зам министирлердин айыбын ашкерелеп айтып чыккан депутаттар Аида Касымалиевага, Аида Исмаиловага баракелде! Чынында эле, оорууну жашырсаң өлүм ашкерелейт дегендей, эгерде болуп өткөн окуяларды жаап жашырып койгондо, балким элдин акчасына бирөөлөр жыргап жүрмөк... эл кедей бойдон кала бермек... кыргыздын келечеги болгон наристелер сатыла бермек... ошентип олтуруп социалдык өнүгүүгө эмес социалдык өлүүгө дуушар болмокпуз..... 

Жумагүл Тентиева

Булак: NazarNews.kg       

                                                                                

Последние новости