www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү расмий каттоодон өтмөйүнчө теңирчиликти үгүт кыла албай жатканына нааразы болуп чыгышты.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эксперттик топтун корутундусуна таянып, теңирчиликти дин катары каттоодон баш тарткан.

Теңирчиликти колдой турганын айткан "Кыргыз эл касиети академиясы" коомдук уюмунун өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, диний уюм катары расмий катталмайынча үгүт жүргүзө албасын айтып, нааразы болушту.

Уюмдун өкүлү Нашарат Жакыпбеков мамлекеттин колдоосу болбогондуктан бир катар илимий иштер, изилдөөлөр жүргүзүлбөй жатканын билдирди.

«Эгерде комиссия каттоого ала турган болсо биринчиден, биз укуктук алкакта кандайдыр күчкө ээ болмокпуз. Экинчиден, кайып илимин кайрадан Жаратканга алып келгенге мүмкүнчүлүк алмакпыз. Мектептер, кандайдыр бир уюмдар ачылмак», — деди Жакыпбеков.

Уюмдун дагы бир мүчөсү Шаршенаалы Кабатегин алар башка диндер катары ири иш-чараларды өткөрө албай жатышканын, кыргыздар ата-бабаларынын байыркы дини - теңирчиликке кайтуу керек экенин, кыргыз философиясы, салт-санаасы унутта калып жатканын белгиледи.

Өлкөдө теңирчиликти дин катары каттоодон өткөрүү демилгеси он жылдан бери көтөрүлүп келет.

Булак: "centralasian"

Последние новости