www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда экс-чиновник Теңгиз Бөлтүрүккө таандык экени айтылган таштанды челектин баасы талкуу жаратууда. Колдонуучулардын айрымдары сүрөттөгү челектин баасы 1500–2000 евро болушу мүмкүн экенин жазып чыкты.
2000 евро азыркы курс боюнча болжол менен 200 миң сомдон ашат. Бирок сүрөттөгү буюмдун кайсы брендге таандык экени, так модели жана көрсөтүлгөн баасы расмий булак аркылуу тастыктала элек.
Сүрөттөгү таштанды челек кандай?
Социалдык тармактардагы маалыматтарда сүрөттөгү буюм Simplehuman (Симпл Хьюмэн) брендинин моделдеринин бирине окшош экени айтылууда. Бул бренддин заманбап таштанды челектеринде сенсор аркылуу автоматтык ачылуу сыяктуу функциялар бар.
Ошол эле учурда сүрөттөгү буюмдун так модели аныкталмайынча анын баасын конкреттүү бир моделдин расмий баасы деп айтууга болбойт.
Дүйнөдө кымбат таштанды челектери барбы?
Ооба. Мындай буюмдардын баасы айрым учурларда миңдеген долларга жетет.
Мисалы, АКШнын Сан-Франциско шаарында 2022-жылы көчөлөрдө колдонуу үчүн атайын иштелип чыккан үч таштанды челектин прототиби сыналган. Алардын баасы 11 миңден 20 миң 900 долларга чейин болгон. Эң кымбат “Soft Square” (Софт Сквээр)деп аталган прототиптин даярдалышы болжол менен 20 900 долларга түшкөн.
Бул баа кадимки үй тиричилигине арналган челекке эмес, шаардык инфраструктура үчүн атайын иштелип чыгып, сыноодон өткөрүлгөн прототипке тиешелүү. Массалык өндүрүшкө өткөн учурда бир челектин баасы 2–3 миң доллардын тегерегинде болушу мүмкүн деп эсептелген.
Эмне үчүн таштанды челек кымбат болушу мүмкүн?
Таштанды челектин баасына анын материалы, көлөмү, дизайны жана кошумча функциялары таасир этет. Сенсордук ачылуу, жытты азайтуу системасы жана башка технологиялар буюмдун баасын жогорулатышы мүмкүн.
Люкс сегментинде болсо таштанды челектер интерьердин бир бөлүгү катары каралып, өзгөчө дизайн жана кымбат материалдар менен жасалат.
Ошондуктан бүгүнкү күндө таштанды челек жөн гана тиричилик буюму эмес, айрым учурларда технологиялык жана дизайнердик товарга да айланып жатат.
Эске салсак, айрым дизайнердик таштанды челектердин баасы 3–15 миң долларга чейин жетет. Алардын айрымдары 18 карат алтын, Swarovski (Сваровски) кристалдары, табигый тери жана бриллианттар менен кооздолот. Ал тургай 800дөн ашык бриллиант орнотулган, бир гана нускада чыгарылган челектер да бар. Мындай буюмдар көбүнчө люкс үйлөрдө, кымбат мейманканаларда колдонулат жана менмин деген чириген байлар сатып алышат.