www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Түштүк Африканын мурдагы президенти Джейкоб Зума Эсткурдагы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалымат үчүн айта кетсек, Зума мыйзамды сыйлабагандыгы үчүн 15 айга эркинен ажыратылган.

79 жаштагы мурдагы президент Зума ага каршы коррупциялык сот иши башталардан бир нече күн мурун ооруканага жаткырылган.

"Ар бир туткун, ал тургай өкүмү күчүнө кирген соттолгон адам, мыйзамды сыйлап, анын ичинде дарылануу укугун урматтоо менен жазасын өтөөгө укуктуу", - деп айтылат Жаза аткаруу министрлигинин билдирүүсүндө.

Маалыматтарга караганда, Зуманын абалы канааттандырарлык. Бирок, ал кандай ооруу менен жабыркап ооруканага түшкөнү белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости