www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан 30-35 жыл мурда – Михаил Горбачёв 1985-жылы баштаган кайра куруудан тартып, 1991-жылдан кийинки эгемендиктин биринчи жылдарында – кыргыз коому азыркыдан алда канча демократиялуу болчу. Коммунисттик диктатура тынчтык жолу менен кулатылган, Ала-Тоо аянтындагы митингдерге он миңдеген адам чогулганы менен, эч ээнбаштык же мародёрчулук жөнүндө сөз кылуу да мүмкүн эмес эле, бирок андан бери биз кетенчиктеп гана баратабыз.
Аскар Акаев президент болуп алгачкы жолу 1990-жылдын октябрында парламентте шайланган, ошондуктан, даңазаланбаганы менен, мамлекетте ал кезде кадимки парламентаризм бар эле. Кийинки 1991-жылдын августунда Москвада путч чыкканда, бүткүл Кыргызстан эли тикесинен тик туруп, ага каршылык көрсөткөн, Москвада жабылып калган гезиттердин макалалары Бишкекте жарык көрүп турган.
Бирок 1991-жылдын октябрында Акаев жалпы элдик шайлоо уюштуруп, бир жылдан кийин кайра президент болуп шайланып, бийликтин 3 бутагынын баарынан өзүн өйдө коюп алган. Жана дал ошол шайлоодон кийин авторитаризм башталып, президенттик бийлик башкаларга үстөмдүк кылып, кийин ар башка референдумдар аркылуу конституция өзгөрүп, президенттин бийлиги эбегейсиз деңгээлге көтөрүлдү.
Быйыл январда өткөн референдумдан кийин Кыргызстанда президенттик бийлик расми түрдө орногону менен, мурдагы кыйшык тартип дагы эле уланууда. Президенттик тартип учурунда премьерлик кызмат жоюлуп, аткаруу бийлигин президент өзү башкарыш керек, азыр болсо министрлер кабинетинин башчысы деп аты гана өзгөрүп, премьер дагы эле – учуру келгенде садагага чабыла турган сары эркеч бойдон калууда.
Мындай жагдайды Кыргызстан өзү ойлоп тапкан жок, мындай абал мурдагы советтик жумурияттардын көпчүлүгүндө сакталып келет, президенттер менен алардын аппараты мурдагы партиялык генсек жана анын борбордук комитетинин милдетин атарып калды. Чыныгы демократиялык багытка бурулалы дегендер дароо жазаланат, аларга каршы кээде күч да колдонулат жана кийин катуу көзөмөл орнотулат.
Отуз жыл мурда өрүш алган демократия Кыргызстанда акыркы мезгилге чейин инерция менен уланып келди жана аны маалымат каражаттары менен журналисттердин салыштырмалуу эркиндиги сактап турду. Сөз жана пикир айтуу эркиндигинен башка демократиялык мүнөз коомдо калбай да баратат – бийликтин бардык башка бутактары жогорку бийликке багынып берген, азыр «төртүнчү бийлик» гана катуу тартипке моюн суна элек.
Маалымат каражаттары менен журналисттерге каршы мурда да кордук-зомбулук болгон, сот аркылуу же эч кандай сотсуз деле «Свободные горы» же «Асаба» гезиттери жабылган, Замира Сыдыкова түрмөгө отуруп чыккан, Геннадий Павлюкту өлтүрүп салышты, ошондуктан үйүңдү тартып алабыз деп журналисттерди соттогонду алар менен салыштырып болбойт. Бирок журналисттер баарына чыдап келди жана багынган жок.
Ошол себептен бийлик азыр мурдагы мыйзамдарды өзгөртүү жана жаңы мыйзамдарды кабыл алуу менен журналисттер жана маалымат каражаттарын мыйзамдуу негизде жазалоону көздөп жатат. Маселе – андай мыйзамдарды даярдап-кабыл алган – бийлик, бирок ал мыйзамдар – бийликке каяша айткан, аны сындаган, ыңгайсыз суроо бергендерге каршы колдонулуп жатканында.
Экинчи маселе –маданият менен билим деңгээли коомдо өтө төмөн түшүп кеткенинде. Дал ошол себептен айрым журналисттер далилсиз же башка одоно материал чыгарып жиберет. Бирок сөз эркиндиги менен байланышкан маселе түп тамырынан бери – бийликке караштуу саясий маселе. Сындын канчалык деңгээлине чейин чыдоону же коомго канчалык эркиндик берүүнү бийлик чечет жана сөз эркиндиги үчүн бийлик жооптуу, журналисттер эмес.
Журналисттер жана маалымат каражаттары үчүн болсо сөз эркиндиги, негизинен, маданият менен байланыштуу. Эч кимдин ар-намысына тийбестен, коом үчүн орчундуу маселелерди так жана маданияттуу көтөрүп, бийликти ыза кылбастан сындоо – маданият маселеси. Азыр болсо коомдо эки тарап тең кимибиз катуураак кыйкырып, кимибиз ороюраак жана наадан боло алабыз деген мелдешке катышып жаткандай.
Кабыл алынып жаткан акыркы мыйзамдар болсо – сын канчалык туура жана негиздүү болгонуна карабай, андан кандай пайдалуу корутунду чыгыруу мүмкүндүгүн издебей, тузүлгөн абалды кантип жакшыртууну ойлобой, бийликке багышталган кандай болбосун сынды жок кылууга багытталып калды. 28-июлда кабыл алынып, 23-августта президент кол койгон «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам толук аткарылса, бийликти эч ким эч кантип сындабай калат.
Бул мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мен тууралуу жалган маалымат таратылды деген ким болбосун интернет-сайттын ээсине кайрылып, ал маалыматты дароо алып салууну талап кыла алат. Сайттын ээси талапты аткарбаса же 24 сааттан кенчигип кетсе, ал «кайсы болбосун адам» өкмөткө кайрылууга укуктуу жана анда сайттын иши 2 айлык мөөнөткө чейин токтотулушу мүмкүн.
Сайттын ишин токтотуу иштери кандай тартипте болоорун өкмөт азырынча так аныктай элек, бирок берененин багыты ошого багытталган. Сайттын тши токтотулган ошол 2 айлык убакыт ичинде болсо ал сайттын ээсинин эч бир жаңы сайт же интернет-барак ачууга да укугу болбойт. Ал таратылган маалымат чындап эле жалган экени тууралуу арызданган адамдан эч кандай далил талап кылынбайт.
Карапайым адам – мен тууралуу жалган маалымат таратылды деп арызданса, мамлекеттик органдар анын укугун коргоп берээри арсар, ошондуктан өкмөттүк түзүмдөр, негизинен, жогорку кызматтагы атка минерлердин укугун гана коргой турганы айдан ачык. Ошондуктан бул мыйзам «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» деп аталганы менен, аны – мамлекеттик чиновниктерди кандай болдбосун сындан коргоо мыйзамы десе болот.
Азыркы апталарда 359 мыйзам тескелип, алар жаңы конституцияга ылайыкташтырылып жатат. Маалымат каражаттары менен байланышкан 4 мыйзамга эксперттер 89 пайызга «жарактуу эле» деген баа коюптур, бирок негедир алар эң биринчи кезекте өзгөртүлүүгө тийиш деген 17 мыйзамдын катарына киргизилген. Демек, журналисттер менен маалымат каражаттарынын абалы мындан ары дагы катаалданат жана начарлайт.
Булак: NazarNews.kg