www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы ИИМге караштуу «Динамо» спорт комплексинде 16-май күнү КМШ өлкөлөрүнөн келген «спецназдар» арасында курал атуу боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү.

Аталган мелдеш кызматтык милдетин аткарууда көз жумган «Альфа» бөлүмүнүн кызматкерлеринин элесине арналып, Улуттук коопсуздук кызматынын генералы, «Альфанын» алгачкы командири Артур Медетбеков башында турган «Альфа-антитеррор» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү. Уюштуруу комитетинин төрагалыгына Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев дайындалып, Ички иштер министринин орун басары, мурдагы «спецназ» генерал Курсан Асанов да опол тоодой колдоосун көрсөттү. Тагыраак айтканда, тирди бөлүп берип, өзүнүн Орозо кармаганына карабастан, Чыгыш ашпозчуларынын даамдары менен чет элден келген конокторду сыйлап, алардын алкоосуна жана ыраазычылыгына татыды.

Спорттук мелдешке Кыргызстандан Улуттук коопсуздук кызматынын 9-башкармалыгынын, Ички иштер министрлигинин жана Орусия, Казакстан, Беларуссия менен бирге Кыргызстандын «Альфа» атайын даярдыктагы бөлүмүнүн ардагерлери катышып, ар кандай аралыкка тапанчадан ок атып, күч сынашты. Аталган турнирге экс-премьер-министр Ф.Куловдун башкы жансакчысы, «Калкан» «спецназынын» командири, Кыргызстандын Самбо федерациясын жетектеп жургон полковник Нурлан Токоноев, Орусия президенти В.Путиндин жанында жүрүп, анын коопсуздугун караган снайпер Юрий Сарвадий сыяктуу «көрүнбөй» жүргөн көрүнүктүү аткычтардын катышканын өзгөчө белгилеп кетсек болот.

Жыйынтыгында, командалык эсепте 1-орунду Беларуссия, 2-орунду Кыргызстандын ИИМи, 3-орун «Альфанын» ардагерлерине ыйгарылды. Мелдештин жүрүшүндө, эң мыкты көзгө атар аткыч болуп, туңгуч президенттин Күзөт кызматынын башчысы, Коопсуздук кызматынын генералы, 69 жаштагы мекендешибиз Жоомарт Бошкоев табылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости