www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Өкмөт дарыгерлердин айлык акылары алда канча көтөрүлгөндүгүн айтып элди көз көрүнөө алдап, Ата мекендик медицинаны атайлап кыйратууда деген пикирин айтып чыкты. Бул туурасында: «Бизге жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында дарыгерлердин маянасы 30 миңге чейин жетип калды деп жатышат» - дейт ал. Бирок бул чындыкка жатпайт. Айлык акы негизи ошол эле деңгээлде калды.

Өкмөт медициналык мекемелерди кайра түзүп чыгуу боюнча дайыны жок реформаларды жасап, акырында саламаттыкты сактоо кызматчыларынын эмгек акысы ресторанда бир отуруп тамактанып чыккандай акчага бааланып калды. Эми таланттуу жана тажрыйбалуу дарыгерлер өлкөдөн кетип жатат. Өкмөт Ата мекендик медицинаны атайлап жок кылууну көздөп жаткандай туюлат. Бул улут үчүн чоң коркунуч» - деп коңгуроо какты.

Булак: "Фабула"

Последние новости