www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-майдан тартып спорт залдар, машыгуу залдары, фитнес-клубдары жана бассейндердин иштөөсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-майдан тартып спорттук мекемелердин иштөөсүнө уруксат берилет. Алар санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоосу кажет. Мисалы, мекемелерди дезинфекциялоо, администрация жана тейлөө кызматкерлеринин бет кап, кол кап кийүүсү, ар бир кардар үчүн санитайзер, антисептикалык каражаттарын орнотулушу, ошондой эле санитардык аралыкты сактоо боюнча атайын белгилердин коюлушу талап кылынат.

“Спорт борборлоруна тайпалык, жамааттык спорт түрлөрүн (футбол, күрөш, бокс, баскетбол жана башка) өткөрүүгө тыюу салынат. Бир гана адам менен жакын байланышпаган, жеке спорт түрлөрү менен санитардык аралыкты сактоо менен гана иштөөгө уруксат", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.org

Последние новости