www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өспүрүм эже-сиңди көлмөгө чөгүп кеткен

Санкт-Петербургда тажикстандык эки кыз Петергоф шаарынын аймагындагы көлмөгө чөгүп кеткен.

Алар 12 жана 14 жаштагы эже-сиңди болгон. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, алардын үй-бүлөсү Тажикстандан Санкт-Петербургдун Петродворец районуна көчүп келген.

Маалыматка ылайык, кырсык 14-июнь күнү кечинде болгон. Каза болгон кыздар көлмөгө чоң ата- чоң апасы жана иниси менен барышкан.

Эс алуучулар кыздардын кийимчен сууга түшкөнүн көрүшкөн. Кийинчерээк сууда футболка калкып калганын байкашкан. Окуяга күбө болгондор жардам сурган кыйкырык угулбаганын айтышууда. Айрым маалыматтарга караганда, атасы кыздардын кичүүсүн суудан алып чыккан, бирок реанимациялоо аракетинен майнап чыккан эмес. Улуусунун сөөгүн куткаруучулар жээкке алып чыгышкан.

Алгачкы версия боюнча өлүмгө кыздардын сууда сүзө албаганы себеп болгон.

Тажикстандан келген үй-бүлө тууралуу азырынча маалымат жок. Бул арада Түндүк борбордун Тергөө комитети “Байкабастыктан өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Кылмыш ишинде ким айыпталуучу болору белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости