www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Спутник V» вакцинасынын өмүргө коркунучу айтылды

Аргентинанын Саламаттык сактоо министрлиги вакцина коопсуздугу тууралуу отчетунда Орусияда жасалган «Спутник V» вакцинасы менен эмдөөдөн кийин канда тромбоциттердин деңгээлин азайтуучу (тромбоцитопения) оору козголору, бул кан токтобоо коркунучуна жана тромбозго алып келгени тууралуу кабарланган.

«Фармацевтикалык кабарчы» журналы мындай окуя Аргентинада 1,5 млн. адам эмделден кийин аныкталганын жазды. Ага ылайык, мындай коркунуч эмдөөнүн 0,008% түзөт.

Аргентинада жалпысынан Орусияда жасалган вакцинаны колдонуудан реакция пайда болгон 23 804 учур катталган. Бул жүз миң дозанын 1640,5 учуру. Көпчүлүк учурларда баш оору, сасык тумоо сыяктуу белги, безгек, ийне сайылган жердин оорушу жана жеңил аллергия катталган.

«Спутник V» вакцинасын алгандан кийин жети адамдын абалы оорлогон. Алардын ичинен беш адамда тромбоцитопениядан тышкары анафилаксия (коркунучтуу аллергиялык реакция) байкалган.

COVID-19 илдетине каршы былтыр августта иштелип чыккан орусиялык «Спутник V» вакцинасы быйыл февраль айында үчүнчү сыноодон өтүп, анын натыйжалуулугу 91,6 пайызды түзгөн. Аны колдонууга элүүгө чукул өлкөдө уруксат берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости