www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Талант Мамытов КМШ ПАА кеңешинин отурумуна катышты

15-апрелде төрага Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) кеңешинин отурумуна катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан басма сөз кызматынан кабарлашкандай, отурумда Кеңештин мүчөлөрү 2021-жылдын 16-апрелинде өтө турган КМШ ПААнын 52-пленардык жыйынынын күн тартибинин долбоорун талкуулашты.

Күн тартибиндеги негизги маселе Шериктеш өлкөлөрдөгү шайлоолорго жана референдумга байкоо салууну уюштуруу тууралуу болуп, анын ичинен Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого, башкаруу формасын аныктоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча уюштурулган референдумдарга КМШ ПААдан эл аралык байкоочулардын катышуусуна байланышкан маалыматтар айтылды.

Тагыраагы, КМШ ПААнын байкоочулары Кыргыз Республикасында өткөн добуш берүү жараяндары улуттук мыйзамдарга жана демократиялуу шайлоолорду өткөрүү боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келгендигин белгилеген корутундуга келишти.

Өз кезегинде төрага Талант Мамытов шайлоо өнөктүктөрүнө жигердүү байкоо салганы үчүн КМШ ПААнын эл аралык байкоочуларына ыраазычылык билдирип, Парламенттер аралык ассамблеянын бул жааттагы тажрыйбасынын маанилүү экенине токтолду.

Ошондой эле отурумдун катышуучулары КМШ ПААга мүчө-мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына, демократиянын жана парламентаризмдин өнүгүшүнө мониторинг кылуу боюнча эл аралык институттун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат менен таанышты.

Отурум соңунда Кеңештин мүчөлөрү КМШ ПААнын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, Ассамблеянын 30 жылдыгына даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости