www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Асман" шаары сөзсүз куруларын 5-сентябрда долбоордун концепциясы талкууланган жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал курулуш иштерин алгач болжол менен 20 миң адамга эсептелген шаарчадан баштоо керек экенин, ал жакта элдин ден соолугун чыңдоо жана туристтерди тартуу үчүн жайы-кышы тийиштүү шарт болуу зарыл экенин белгиледи.
Жыйында "Асман экологиялык таза шаары" долбоорунун үч концепциясы талкууланды. Аларды Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети, Долбоорлоо илимий-изилдөө институтунун Ысык-Көл филиалы жана "Кыргызреставрация" ишканасы даярдашкан.
"Асман" долбоору президенттин тапшырмасы менен ишке ашырылууда, андыктан ал курулат!», - деген Жапаров ал жакта “санарип көчмөндөрдүн” – IT адистердин иштөөсүнө ыңгайлуу алдыңкы телекоммуникациялык санарип технологиялыр болушу шарт экенин коушмчалады.
Президенттин администрациясы Ысык-Көлдө "Асман" деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк, бирок быйыл май айында шаар түшчү аймак өзгөргөнү белгилүү болгон.
Булак: NazarNews.kg