www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын регионалдык лидерлеринин арасында жаңы "узун доор" сүрүүгө ниеттенип жатканын жана өз кызматын "жөн эле таштап кете албастыгын" билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында жазды.

Анын айтымында, облустун жетекчилигин ага эл ишенип тапшырып, "бул ишенимди актоо менин ыйык милдетим". "Мен Орусиянын элинин жана президентинин уруксаты менен гана кете алам. Андыктан мөөнөтсүз өргүү тууралуу сөздү келечекке калтырабыз. Эми мен жыл сайын талап кылынган эмгек өргүүсүн да албайм", — деп жазган Кадыров.

Эске салсак, 3-сентябрь күнү Кадыров Telegram-каналына видеокайрылуу жасап, Чеченстандын башчысы кызматында 15 жыл иштеп көп отуруп койгонун, мөөнөтсүз эмгек өргүүгө чыгуу мезгили келгенин айткан. Ошондой эле ал кууп жибере электе кантип өз убагында кетип калууну ойлонуп жатканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, былтыр сентябрь айында Чеченстандын жетекчилигине шайлоо өтүп, Кадыров шайлоочулардын добушунун 99,7 пайызына ээ болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости