www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 5-сентябрда Бишкек шаарында Аскер прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү "С.Н.М." кармады. Бул тууралуу айтайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

"Сокулук районунун аймагында жайгашкан "Бишкек машина куруучу завод" ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкелерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгү (Коррупция) менен кармалган иштин алкагында КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү "С.Н.М." Кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелери менен кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын СИЗОсуна киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, буга чейин "БМЗ" ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Ч.Н.З. жана "БМЗ" ОАОнун мурдагы кызматкерлери кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости