www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашыр Чокубаевди эстегенде көз алдыма кыргыз керемети аталган «Ак илбирстин тукуму» тасмасындагы Касен көзгө урунат. Келишимдүү, шамдагай, көзгө атар мергенчинин образын актёрдук-чеберчилик менен майын чыгара аткаргандыгы жалпыбызга маалым. Ашыр ага бул жарыкчылыкта татыктуу жашап өттү. Бул баарлашуу көзү тирүүсүндө алган маектердин бири эле.

 - Чыгармачылыктын чыйыр жолуна ким түрткү берди?

- Атам Назарбек Чокубаев актёр болгондуктан, балалыгым театрдын короосунда өттү. Илимдер Академиясынын маңдайында залкар таланттар Муратбек Рыскулов, Абдуашим Көбөгөнов, Абдубачаевдин балдары менен бирге өсүп чоңойгом. Атам Өзгөндүн Көлдүк айылынан, Фрунзедеги (Бишкек) театрында иштеп, кадыресе шаардык болуп калган. Апам да театрда иштечү. Мен да өзүмдү шаардыкмын деп эсептеймин.

- Актёрдук башат кандайча башталган?

- Москвадагы ВГИКте окуп, орустун көрүнүктүү актёру Борис Андреевич Бабочкин (Чапаевдин ролун аткарган) устатым болгон. Москвада жашап иштеп жүрдүм. Кошунам Жалил Абдыкадыров улуу режиссёр, өмүрүнүн баарын театрда өткөргөн чоң инсан болчу. Ошол кеңеш берип: «Бул жакта эмне кыласың, атаң иштеген театрда иште», -деди. Мен бала кезде орустар менен чогуу бала бакчага андан ары орус мектепти аяктап орусча өсүп калдым. Булдурап эптеп сүйлөп, чоң артисттерге тамаша, күлкү болуп театрга көнүп калдым. Келгенде эле гастролдорго Таттыбүбү, Балкыбекова, Жекшен менен чогуу жүрүп кыргызча сүйлөгөндү үйрөтүштү. Азыр ушул даражага жетип олтурамын. «Жыгылган ооганга күлөт» драмасында шаардык жигиттин образын ачып бердим. Режиссёр Бообек Ибраев, драматург Мар Байжиевдин спектаклдеринде, «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөөдө» образдарды ачып бердим. Бактыма ушул инсандардын колдоосу менен эл тааныган актёр болдум.

- Актёрлордун көпчүлүгү устат катары сабак беришет экен. Сиз да өнөрлөрлөрүңүздү шакирттерге үйрөтөсүзбү?

- Жалил Садыков, Бексултан Жакиев атамдын достору болгондуктан мени өз баласындай жакшы көрүшчү. Мен классикага жакын адаммын. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда сахнада өзүн алып жүрүү боюнча сабак берчүмүн. «Манастын уулу Семетей» үчилтигинде чабыштарды мен уюштуруп берип, Семетейдин машыктыруучусу болуп аткардым. «Айкөл Манаста» чыккынчы бүкүр чалдын ролун жараттым.

- Кино тармагында кандайча аралашып калдыңыз?

- Алгач кино институтту бүтүргөм. Менин өң-келбетим анчейин кыргызга окшобойт, ошондуктан баш каармандарды мага сунуштабайт эле. 1969-жылдары казак элинде башкы ролдорду жарата баштадым. Казакбаевдин «Талаадагы куугун» тасмасында аткаргам. Өзүңүздөр күбө болгондой, азыркыга чейин казак кинолорунда тартылып жүрөм. Элге таанылгандан «Көчмөндөр» тасмасында Вали хандын образын жараттым. «Кыз-Жибек» тасмасындагы Төлөгөн-Кубан Тастанбеков, Кызжибек-Мира Утекешова менин жакын досторум.

- Ошол «Көчмөндөр» тасмасына кандайча тартылып калдыңыз?

- Биринчиден мен англисче эркин сүйлөйм. Италия менен биргеликте «Чыңгызхан» тасмасында үй-бүлөм менен тартылып калгам. Себеби баары англис тилин билчү. Казактар менен кол үзүшпөй ушул кезге чейин иштешип жүрөмүн да. Ошол тарткан режиссёр: «Ашыке, бул жака келип биздин киного катышпайсыңбы, англисче билесиң го», - десе мен «окей» деп бара калдым. Албетте өпкөсү ичине батпаган казактардын баары баатыр болгусу келет, мага кичинекей роль бар экен. Баатырлар баары кырылып, мен аткарган Султан Вали кийин хан болуп калат. Ошондо казактардын ичи күйгөнүн айтпа.

- «АК илбирстин тукуму» тасмасында Кожожаштын досу Касендин образына кандайча тандалып калдыңыз?

- Биздин чыгаан көөнөрбөс режиссёрубуз Төлөмүш Океев Касендин образына мени бир топ жашартып жана арыктатып жиберген. Улуу режиссёр менен иштешкенимди, албетте, сыймыктануу менен эскерем. Анда 35 жашта болчумун. Догдурбек жаш жигит эле, Төкөм: «Ашыр, Кожожашка аскадан так секирген жигит керек», -  деп Догдурбекти тандаган.

- «Махабат дастаны» тасмасында дагы роль аткарып калдыңыз...

- Алгач киностудияда иштеп жүргөндө Дооронбек байке менен бирге концерттерди тартчубуз. Докени өзгөчө сыйлап урматтачумун, себеби, мени азыркы даражага жеткирген инсандардын бири болчу. Анын үстүнө сөздү таптап сүйлөгөнүнө, бүт турган-турпатына суктанчумун. Тасмаларында тексттерин өзү көркөм окучу. Төлөн ханды ойногом да, каарданып турушум керек болчу. Бирок чыныгы ошондой аруу махабаттын даамын татпай, жандары кыйылганына ичим ачыган.

- Азыр да тасмада роль жаратуудан алыстабасаңыз керек?

- «Элим ай» тасмасынын маани мазмуну 1944-жылдагы репрессиядагы казак эли башка улуттарды өз канатына жаап-жашырып аман алып калуу болчу. Казак, күрт, азербайжан, кореец жалаң башка улуттардын жашоосу чагылдырылган. Мен күрт улутундагы «Магамед Оглы» каармандын ролун аткардым. «Поединок» тасмасында корбашынын образын жараттым. Режиссёр Тынай Ибрагимовдун «Наркотрафик» тасмасында наркобаронду аткаргам.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости