www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште Ош ОИИБдин командасы 1-орунду ээледи. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы алса, 3-орунду Бишкек  ШИИББнын командасы багындырды. 

Достукту жана кызматкерлер ортосунда ынтымактыкты бекемдөө максатында уюштурулган иш чара Баткен облусунда 2023-жылдын  16-17-август күндөрү  кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулду. 

Мелдеште катышкан кызматкерлердин жеңүүчүлөрүнө кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Чемпионаттык турнирге республика аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жалпы болуп 11 команда катышкан.

"Бул иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз дене-тарбия “Динамо” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары милициянын отставкадагы полковниги Төрөкул Мадалиевдин айтымында бул мелдеште Ош облустук ички иштер башкармалыгынын командасы-ынтымагы, уюшкандыгы жана биримдиги менен өзгөчөлөнүп жеңишке ээ болушту.

Оюндун жыйынтыгы боюнча Ош ОИИБдин кызматкери милициянын майору Азамат Базарбаев “мыкты оюнчу” деп табылды", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости