www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги кафелердин биринде эркек киши бычакталды. Бул тууралуу Патрулдук милициядан кабарлашты.

Окуя кечээ, 30-июнь күнү болгон. Милицияга саат 01.07де Жибек Жолу проспекти менен Будённый көчөсүнүн кесилишинде кафеде коноктордун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен сайып жибергени тууралуу маалымат түшкөн.

29 жаштагы жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Патрулдук милиция кызматкерлери кол салган 33 жаштагы жаранды кармап, Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына алып кетишкен.

Окуя электрондук журналга катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости