www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратса ошондо гана эмгектин үзүрү байкалат экен. Себеби тажрыйбадан өткөн устат жок, бирок ага төлөнчү акы кымбат. Адистикте элдин керегине жарап бере турган бул-тажрыйбаң. Жаш экенине карабай, эли үчүн талыкпай эмгектенип келген иш билги, профессионал кесипкөйдү сөзгө тарттык.

-  Ишемияны пайда кылган инфаркт дешет. Ишемиялык инсульттун алгачкы белгилерине токтоло кетсеңиз...

- Ишемияны пайда кылган инфаркт эмес, инфаркты пайда кылган ишемия. Инфаркт-тамырдан кандын өтпөй калганына байланыштуу органдагы тканьдардын өлүмүнө себепкер. Ишемия инфарктка чейин кан менен толук камсыздай албаганынан пайда болот. Ишемиялык инсульт мээ менен байланыштуу нерсе. Мээнин кан тамырларында белгилүү бир  себептер менен тромб болушу мүмкүн. Атеросклероз- кан тамырларда майдын биригуусуно байланыштуу мээдеги кан айлануу функцияларын бузат. Инсульттун негизги белгилери: сүйлөө речинин жабырлануусу, эстен тануу, бир тараптуу органынын кыйшаюусу, колу-бутунун иштебей калуусу. Өтө кооптуусу өлүмгө алып келет.

- Жүрөк оорунун негизги факторлору кайсылар?

-  Жүрөк оорунун себептери көп. Атеросклероз - жүрөк кан тамырларынын холестерин (май) биригүүсүнөн улам кандын жакшы өтпөй калуусуна байланыштуу ишемияны пайда кылган оору. Жүрөктүн клапандарына байланыштуу оорулар тубаса болушу мумкун. Кийинчерээк пайда болуусунун эң көп себептери бул-ревматизм. Жаш улгайган сайын клапандардын иштөөсү начарлайт, тактап айтсак дегенеративдүү өзгөрүүгө дуушар болот.

- Гипертония гипотонияга өтүшүп кетеби?

- Толук өтүшү мүмкүн. Мисалы эгер бейтап гипертоник болсо, бирок жүрөк булчуңдары инфаркт, миокардит же болбосо башка себептер менен жүрөктүн насостук функциясы өтө төмөн түшүп кетет. Ошондо жүрөк канды жакшы айландыра албай калганына байланыштуу кан басым түшүп кетип гипотонияны пайда кылат. Бул көбүнчө кардиогендик шок дегенге алып бара турган кооптуу  нерсе.

- Жүрөк ооруусуна спорттун кайсы түрү менен машыкса болот?

- Жүрөк ооруусуна спорттун бардык түрлөрү пайдалуу. Жөө жүрүш, сууда сүзүү, йога ж.б.

- Тукум куучулук ооруну токтотууга болобу же...?

- Тукум куучулук ооруну токтотуу мүмкүн эмес. Бирок алдын- ала чара көрүүгө жол бар. Гипертония, кант диабети менен ооруган болобу же башкабы мындай ооруларды убагында дарыласа кооптуу абалдын риски азаят.

- Кант диабети менен жүрөк оорусунун байланышы барбы?

- Кант диабети жүрөк оорусуна таасири көп оорулардын бири. Бул ооруу кан тамырларды, нерв системасын бузулуусуна алып келгени үчүн эң көп ооруганы ишемия менен ооругандар.

- Миокардит менен перикардитке алдын ала чара көрсө болобу?

- Миокардитти пайда кылган спирттик ичимдикти көп ичкендерден учуратабыз. Ичимдикти токтотсо бул оорудан арылышат. Сасык тумоо менен көп ооругандарга вакцина салган сунушталат.

- Жүрөк приступ кармап калганда тез жардам келгенге чейин кантип жардам кылса болот?

- Жүрөктү приступ кармап калган учурда, стресстен чыгаруу, ыңгайлуу жерге жаткыруу, кысып жаткан кийим, зер буюмдарын чечип салуу, таза абага чыгаруу, кан басымын текшерип эгер  көтөрүлүп кетсе, кан басымын түшүрө турган дарыларды ичүү керек. Өтө кыйналып баратса тез жардам чакыруу зарыл.

- Жүрөк ооруларга кандай тамак аштар сунушталат?

- Тек гана жүрөк ооругандарга эмес, бардык адамдарга сунуштала турган мөмө жемиш, жашылча, углеводдордон бир аз алыс болуу, өтө туздуу тамак, куурулган тамактар болбойт. Кайнатылган тамактарга жакын болуу керек, пайдалуусу тоок эти, балыктар.

- Сиздердин клиникага орточо эсеп менен кайсы жаш курактагылар көбүрөөк кайрылат?

- Биздин клиника жүрөк кан тамырлары менен жабыркаган бейтаптарды көп караган үчүн 50 жаштан жогорулар көбүрөөк кайрылат. Бирок бул жаштардын каттоосу такыр эле жок дегенге жатпайт. Албетте тубаса жүрөк ооруулар менен ооруган жаштар да бар.

- Максат токтогон жерде жашоо да токтойт дейт, алдыдагы максаттар туурасында ой бөлүшсөк...

- Бул сөзгө кошулам. Себеби максатсыз адамга караганда учуп бараткан куштун ою кымбат дешет. Максатсыз адамдар деңизде агымы жок калкып чыккан саманга окшош. Депрессияга кабылгандар эртеңкиге үмүт жок жашап келишет. Депрессиядан убагында чыкпай калган дагы кооптуу, келечеги жок, эң коркунучтуу сокку жиндиканага жатып калуусу. Андыктан адам мыкты тарбияны өзүн өзү тарбиялагандан алат.

Өзүмдүн максаттарыма токтоло кетсем, келечекте Кыргызстандын медицинасын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу. Мекендештер чет өлкөгө чыкпай, өз өлкөбүздө дарыланууга шарт түзүп берүү. 

Эртеңки күндөгү болочок дарыгерлер студенттерибизди заманбап медициналык билим алуусун камсыздоо. Элибизге жетиштүү сапатта эң жогорку кызматты бере ала турган медицина кызматкерлерин даярдоо.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости