www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Иним Жарасул бүт турпаты менен өндүрүшчү», - деди бүгүн, 13-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, бир тууган иниңиз жооптуу кызматка даярдалыптыр. Иниңиз бул кызматтын ажарын ачат, адилеттүүлүктү орнотот деп ишеним артсак болобу?

- Менин бир тууган иним Жарасулдун өтө жооптуу делинген «Кыргызалтын» ААКнун башкаруучулук түзүмүнүн төрагасы болуп дайындалганын зор жоопкерчилик катары гана кабыл алдым. Ооба - дайындоо бул президент тарабынан иниме көрсөтүлгөн абдан чоң ишеним!

Ал кызматка барсам деп ак эткенден так эткендер өтө эле көп болсо керек. Демек, инимин расмий бийликти ынандырган бир артыкчылыгы бар көрүнөт.

Мен аны билип-туюп эле турам. Жарасул бүт турпаты менен өндүрүшчү болуп эсептелет. Өмүр бою ушул тармакта жөнөкөй жумушчудан баштап, өлкөнүн 3 ири заводдорунун жетекчилик кызматтарына чейин ак эмгегин өтөп келген.

«Кыргызалтын» өзгөчө ишкана. Ал азыр «Кумтөр» кенинин кыймылдаткыч күчү болушкан «Кумтөр оперейтинг компани» жана «Кумтөр голд компани» өндүрүшчүл ишканаларынын иштеп кетишине түздөн-түз жооп берет.

Ушундай жооптуу кызматты аркалоонун өзү абдан түйшүктүү милдет, анан албетте сыймык! Эл баарын көрүп, байкап турат. Алдыга коюлган милдет ишин иним так аткарып кетүүгө бүт күчүн жумшайт, ал үчүн керектүү билими, кайраты жана тажрыйбасы жетиштүү!

Болгону саясий интригалар мандемдик кылбаса колунан келе турган эле кызматка барды. Жарасул элдин, президенттин жана Министрлер кабинетинин ишеничин актай алат, буюрса!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости