www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 килограмм мефедрон менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 1995-жылы туулган Т.Т., 1996-жылы туулган Ж.А.А. кармалды. Кармоо учурунда алар активдүү каршылык көрсөтүп, жашынууга аракет кылышкан. Буга байланыштуу аларды кармоо үчүн ок атуучу курал жана атайын каражаттар колдонулган. Алардын унаасын тинтүү учурунда 18 таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган.
Андан ары ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун дагы бир мүчөсү 2003-жылы туулган О.Л.А. кармалган. Ал баңгизатты таңгактоо жана мессенджерлер аркылуу сатуу менен алектенип, Кыргыз Республикасынын бардык аймагына жөнөтүп жүргөн.
Андан ары ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Т.Т.Т., 1996-жылы туулган Ж.А.А. материалдык пайда алуу максатында узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын сатуу үчүн чек арага чектеш өлкөлөргө ташуу жана эл аралык жөнөтүү менен активдүү алектенип келишкен. Ал эми, 2003-жылы туулган О.Л.А. көп убакыттан бери Россия Федерациясынын Волгоград шаарында баңгизатты белгилүү бир дарекке таштап кетүү менен алектенип жүргөн.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган баңги топтун мүчөлөрү чет өлкөлүк кураторлор тарабынан мобилдик мессенджерлер аркылуу көзөмөлгө алынган.
Бул атайын операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана атайын кызматтын кызматкерлери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4,7 килограммдан ашык мефедрон психотроптук затын табышкан.
Жогорудагы факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
Аталган жарандардан табылган мефедрон психотроптук заттын 28 миң даана дозасынын тарап кетүүсүнө бөгөт коюлду. Ошондой эле, алардын психотроптук затты мыйзамсыз жүргүртүүсүнөн алынган кирешеси 25 миллион 850 миң сомду түзмөк.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана республиканын аймагына өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты алып келүүчү каналдарды жабуу боюнча ведомстволор аралык кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg