www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун эң ишенимдүү адамдарынын бири болуп жүрүп, опузалап пара талап кылууга айыпталып камалып чыккан Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экенин, ак жеринен абакка отуруп, кылмышкер болгонун айтып келет. 

Буга байланыштуу жакында эле УКМК тарабынан 10 миң доллар жана 15 миң сом акчасын кайтарылып берилгенин белгилеп, "кайсыл кылмышкердин ушунтип акчасын кайрып берди эле" деген суроо узаткан. 

Бул тууралуу Аспеков Фейсбук баракчасына:

— Мага УКМК 10 миң $ жана 15 миң сом кайрып берди. Бул каражат мени Дашков боюнча мыйзамсыз кармап жатканда өз ыктыярым менен бергем. Мени каралаган видеодо ушул акчаларды мен пара менен кармалгандай, атайын видеого көргөзүшкөн. 

Мага бул каражатты кайрып бергени, мен 100% күнөөм жок, мен 100% эч кимди опузалаган эместигимди билдирет. Мен күнөөлүү болсом бул каражат Дашковго вещественный доказательство болуп берилмек, туурабы? 

Дагы бир ирет кайталаймын мени эч ким "с поличным" кармаган эмес. Токулган иште бир сом жок далилдүү буюм катары, мен күнөөлүү экенимдин тергөөчү жана сот далилдеп бере алган жок. Бир куру ооз эки Джураев Уландын сөзү менен соттошту. Ал Уланды да кыйнап ооз эки сүйлөгөнгө мажбур кылышкан. Тарых мени актайт буюрса деп айткам, бул башы эле…

10 миң $ жана 15 миң сом каражатын толук алганымды УКМКга тил кат жазып бердим. 
Кайсыл кылмышкердин ушунтип акчасын кайрып берди эле?, - деп жазды. 

Мындан улам, УКМК Мелис Аспеков коомду адаштырып, маселенин жагдайын өз кызыкчылыгына бурмалап жатат деген өңүттө маалымат таратты. 

Анда кайтарылган акча боюнча:

"Ал тинтүү учурунда табылып алынып, буюм далилдери болуп саналбаган жана тергөөнүн предметине тиешеси жок болгон, айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык ага кайтарылган. 

М.Аспеков "опузалоо жана алдамчылык" боюнча күнөөлөнүп, соттолгон.  УКМК кайтарган анын ээлигиндеги каражатты, ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн контекстинде талкуулоого болбойт", - айтылат.

Кыскасы, мышык-чыкан оюну. Кимиси элдин көзүн будамалоо аракетин көрүп, маалыматтык манипуляция жасап жатканын түшүнүп болбойт. Эки тараптын тең айтканында жүйө бар.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости