www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12-июлда Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев «Берлин экономикс» консалтинг-компаниясынын директору др.Рикардо Джуччи мырза менен жолукту.

Др.Рикардо Джуччи белгилегендей, компания өткөөл экономикасы менен өлкөлөрдүн өтүнүчүнүн негизинде экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана изилдөө Германия өкмөтүнүн колдоосу менен аткарылат. Учурда компания жети өлкөдө экономикалык талдоо жүргүзүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Ө.Текебаев Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү тармактарын «Берлин экономикс» компаниясы тарабынан изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Изилдөөнүн негизинде өлкөдө учурда болуп жаткан экономикалык реформалардын натыйжалуулугун жогорулатуу же жаңы моделдерин түзүү боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Берлин экономикс» макроэкономикалык саясаттын көйгөйлүү тармактарын аныктоо менен максаттуу түрдө алектенет жана көз карандысыз талдоолордун негизинде өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүндө орун алган көйгөйлөрүн жеңүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгат.
Булак: NazarNews.kg