www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайкы аптаптан сактануу үчүн эмне кылуу зарыл?

Ысык абаны жүрөк кан тамыр системасы жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер эмес, дени сак адам да жакшы көтөрө албайт. Мындай аба ырайында өнөкөт оорулар күчөп кетиши мүмкүн.

Жай мезгилинде дагы бир маанилүү коркунуч – ичеги-карын инфекциялары айрыкча жаш балдар арасында жана тамак-аштан уулануу коркунучу бир нече эсеге көбөйөт.

-- күндүн эң ысык мезгилинде мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз;

-- өзүңүздү ысыктан коргоо үчүн калпак жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиз. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келет;

-- кайнатылып, бөлмө температурасында муздатылган суюктук (2,5-3 л) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак жашыл же кара чай. Ал эми газдалган жана алкоголдук ичимдиктерден баш тарткан жакшы;

-- суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;

-- сууга түшүү – денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек жана эч кандай учурда спирт ичимдиктерин ичпеңиз;

-- сунушталбаган, атүгүл тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз. Ичеги инфекциясы менен ооруп калбоо үчүн:

-- көчөдөн үйгө кайтып келгенде, тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн соң колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу;

-- жашылчаларды, жемиштерди жана мөмөлөрдү суу түтүгүнүн астында жакшылап жуу;

-- сатуучудан сатылып жаткан продукциянын сапат сертификатын суроо;

-- ашканада тазалыкты сактаңыз, тамак-аштын калдыктарын чогултпаңыз жана чымындардан сактануу үчүн терезелерге тор тагыңыз;

-- жеке үйлөрдө ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазалоо керек. Анткени ысык мезгилде патогендик микробдорду таманында алып жүрүүчү чымындардын массалык түрдө көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүлөт;

-- тамак-ашты туш келди адамдардан, көчө сатуучулардан же базарлардан сатып албаңыз;

-- үй шартында ысык жана муздак тамактарды даярдоодо гигиеналык эрежелерди, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн жана сактоо шарттарын сактаңыз. Чийки тамактарды жана бышырылган тамактарды өзүнчө сактоо керек;

-- чийки тамактарды иштетүү үчүн өзүнчө бычактарды жана кесүүчү такталарды колдонуу шарт;

-- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта +2, +8 градус температурада гана сактоо;

-- майрамдык тамак-аштын калдыктары менен алек болбоңуз, даяр калдыктарды муздаткычтарда бир күндөн ашык эмес сактаңыз. Ысык аба ырайы кандай ооруларды күчөтөт?

Көбүнчө ысыкта тобокелдик тобуна кирген улгайган адамдар чоң коркунучка кабылышат. Алардын арасында кант диабети, артериялык гипертензия, кандагы холестериндин деңгээли жогору жана жүрөк кан тамыр ооруларына тукум куума ыкташы бар ашыкча салмак менен ооруган бейтаптар кирет. Оорунун курчушуна жол бербөө үчүн зарыл нерселер:

-- текшерүүдөн өтүп, дарыгер белгилеген дары-дармектерди өз убагында ичүү;

-- кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин өлчөө;

-- эгерде ооруп жатсаңыз, ысык аба ырайында оор физикалык иштерден оолак болуңуз;

-- эгер ден соолугуңуз начарласа, физикалык көнүгүүлөрдү токтотуп, медициналык мекемеге кайрылуу керек.

-- демейде ичип жүргөн дары-дармектерди ысыкта таштабаңыз, аларды дайыма жаныңызда алып жүрүңүз;

-- жаратылышта эс алуу, сууда сүзүү учурунда күндөн коргоочу бетмайларды колдонуңуз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости