www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы мектептердин директорлорунун бири бул кызматты 41 жыл аркалаган. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда Бишкектеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билдирди.
Ал 5 жылдан ашык иштеген 966 директор ээлеген кызматынан бошотуларын эске салды. Региондор боюнча бул көрсөткүч төмөнкүдөй көрүнөт:
• Ош облусу – 254;
• Жалал-Абад облусу – 198;
• Баткен облусу – 104;
• Нарын облусу – 41;
• Талас облусу – 41;
• Чүй облусу – 153;
• Ысык-Көл облусу – 78;
• Бишкек - 71;
• Ош - 26.
Министрдин орун басары суроолорго жооп берип жатып, мектеп директорунун эң жогорку кызмат мөөнөтү 41 жыл экенин айтты.
Булак: NazarNews.kg