www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрдүү социалдык тармактардын жашообузга киргенине көп болду. Өздүк маалыматтарыбыз да баракчабызда жайгаштырылган. Дал ошол өзүбүз жүктөгөн маалыматтар кайра өзүбүзгө зыян алып келиши мүмкүн.
Учурда алдамчылар соцтармактарды кылмыш жасоо үчүн кеңири колдоно башташты. Алар адамдын психологиясын жакшы билишет. Баракчага жайгаштырылган сиз жөнүндөгү маалыматты кайра өзүңүзгө каршы пайдалана алышат.
Мисалы, туулган жылыңыз, туугандарыңыз, хоббилериңиз, жумушуңуз, жеке жашооңуз…
Социалдык тармактардагы шылуундарга алданып калбоо үчүн эмне кылуу керек?
Ички иштер министрлигинин кеңеши:
Шектүү шилтемелерди ачпаңыз. Сизге түрдүү колдонмолорго, программаларга шилтеме келип, тез арада акча которууну суранган маалымдама келет. Бул досторуңуздун бузулган баракчаларынан да келиши мүмкүн. Акча которуудан мурда ага телефон чалып, тактап алыңыз.
Таанышуу сайттарына киргенде сак болуңуз. Соцтармактагы кылмышкерлер таанышуу сайттары же тиркемелеринен башка адамдын сүрөтү менен баракча ачкан учурлар көп болот.
Бул баракчалар аркылуу алар сайттан башка колдонуучулар менен таанышышат. Бир нече убакыттан кийин маектеши менен жакындашып, номурун калтырышат.
Номур акы төлөнүүчү болуп, эсебиңизден акча которулушу мүмкүн. Андан да жаманы — коркутуунун курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн. Кайрымдуулук акциялары тууралуу жарыяларды тактаңыз.
Кылмышкерлер ооруп жаткан балдарга жардам сурап же акцияларды өткөрүмүш болуп алдап кеткен учурлар көп кездешет. Албетте, жардам бериңиз.
Бирок байланыш номурлары, социалдык тармактагы баракчалар, электрондук почталар аркылуу алдын ала тактап алыңыз.
Булак: NazarNews.kg