www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусундагы Хутор-Ак-Талаа айылынын тургундары айылдаштарына ок чыгарган үй-бүлөнү башка жакка көчүрүүнү талап кылууда. Бул тууралуу облусутук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, жолугушууда жергиликтүү тургундар аталган талапты коюшкан.
«Биз Хутор-Ак-Талаада үчүнчү жолу жыйын өткөрдүк. Мындай талапты айыл тургундары кечээ күнү айтышты. Алардын айтымында, бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү буга чейин да айылдын башка тургундарына кысым көрсөтүп, ур-токмокко алуу фактылары катталып, адамдар ооруканага жатып калган учурлар кездешкен. Жергиликтүү тургундар ок атылгандан кийин да алар кечирим сурабай, жабырлануучуларга жардам бербей жатканына нааразы. Мен башка тарап менен да жолуктум. Алар жарадар болгон балдарга жардам берүүгө даяр, бирок азырынча айылдаштарына баруудан коркушууда. Сүйлөшүп, аксакалдарды да угууну өтүндүк», - деди Алмазбек Жумабеков.
Эске сала кетсек, 7-июлда Нарын облусунун Хутор-Ак-Талаа айылында жер талашы ок атуу менен аяктаган. Жергиликтүү тургунга 30-40тай адам келип, үйүнүн терезелерин, эшиктерин сындырып, короодогу унаасын өрттөп салышкан. Буга жооп ирээтинде үй ээси элге ок чыгарган. Натыйжада алты адам ар кандай жаракаттарды алышып, облустук ооруканага жеткирилген. Алардын үчөөнүн абалы оор деп бааланып, операция жасалган. Калган жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg