www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-июнда Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин (БАУ) 2022-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.
Ага Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, БАУнун Камкорчулук кеңешинин төрагасы, доктор Шамш Кассим-Лакха, Борбордук Азия Университетинин ректору, профессор Сохаил Накви жана башкалар катышкан.
Өз сөзүндө министр Алмазбек Бейшеналиев бүтүрүүчүлөрдү жогорку окуу жайды ийгиликтүү бүтүрүп жаткандары менен куттуктап, аларга болгон ишеним чоң экенин белгиледи.
“Мен БАУнун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ишенем”, - деп билдирди министр.
Ал эми Борбордук Азия Университетинин ректору Сохаил Накви студенттерге жана алардын ата-энелерине ыраазычылыгын билдирип, ийгиликтерди каалады.
Фейзбук колдонуучу Нуриет Абдулазиз жогорку көрүнүш туура эмес экендигин айтып, КР Билим Берүү министринин бир нече сүрөттөрүн кескин сынга алды.
--Ырааматылык Чубак Жалилов көптөгөн жылдар бою агаханчылардын кооптуу экендигин айтып жүрүп өтүп кетти. Мына алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү Тоолуу Бадахшандагы шиит-исмаилит тажиктер экендигин сүрөттөн байкасак болот. Анан эмне үчүн бүтүрүү кечесине Тоолуу Бадахшандын губернатору катышат жана фондогу тажик герби эмне үчүн жайгашып калган же УЦА тажик лоббисине кызмат кылабы? 20-30 жылдан кийин Тоолуу Нарын автономдук округу пайда болбойт деп ким кепилдик берет? Эмне үчүн баары тажиктердин улуттук кийимин кийип алган? Ким акча берсе ошонун чапанын кийгенди качан токтотобуз? - деп жазган Нуриет Абдулазиз өзүнүн социалдык баракчасына.