www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен расмий сапар менен Астанага келди. Бул тууралуу Твиттерде мамлекеттик катчы менен учакта учкан батыш журналисттери жазып чыгышты.

«Блинкен Борбор Азияга сапарын Казакстандан ачты, аны түнкү саат экиде суук Астанадагы шамал соккон талаада тосуп алышты. Температура минус 8 градус Цельсий», - деди AFP агенттигинин кабарчысы Шон Тандон.

Астана аэропортунан тартылган сүрөттү Bloombergдин кабарчысы Ян Марлоу жарыялады.

«Биз АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Борбор Азияга жана Индияга сапарынын программасынын алкагында Казакстандын Астана шаарына жаңы эле кондук», — деп айтылат маалыматта.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Казакстанга иш сапары менен келээри 24-февралда белгилүү болгон. Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, 28-февралда Астанада Блинкендин катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин С5+1 форматындагы министрлердин жолугушуусу болот. Күн тартибинде АКШ менен аймактык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости