www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уэльстин ханзаадасы жана ханбийкеси Уильям жана Кейт Миддлтон Сексекс герцогу жана герцогинясы Гарри жана Меган Маркл менен бирге британиялыктар Елизавета IIнин элесине калтырылган гүлдөрдү жана сүрөттөрдү кароо үчүн Виндзор сепилинин аймагына барышты. Бул тууралуу британиялык Channel 4 News телеканалы билдирди.
Кадрларда падышалык үй-бүлөнүн төрт мүчөсүн сепилдин дарбазасына чогулган эл кантип жылуу тосуп алганын көрүүгө болот. Алгач жубайлар гүлдөрдү жана көңүл айтуу баракчаларын карап, андан соң чогулган жүздөгөн жарандар менен бир аз баарлашууну чечишти. Кейт атүгүл элдин арасынан ыйлап жаткан баланы сооротуу үчүн эңкейди. Меган ошондой эле Улуу Британиядагы карапайым адамдар менен байланышууга убакыт тапты.
Телеканалдын журналисттери жубайлар акыркы жолу 2020-жылдын 9-мартында эл алдына чыкканын белгилешти.
Эске салсак, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында каза болуп, ал акыркы мүнөттөрүн үй-бүлөсү менен Шотландия резиденциясында Балморал сепилинде өткөргөн. Анын улуу уулу Чарльз III, Уэльстин ханзаадасы Улуу Британиянын жаңы монархы болуп калды. Елизавета IIнин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтуусун Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШ жана Франция лидерлери Жо Байден менен Эммануэл Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана башка саясатчылар билдиришти. Ханышаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда болот.
Булак: NazarNews.kg