www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын XVII жолугушуусуна катышты.
Иш-чара Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.
Иманкулов иш-чарада сүйлөп жатып ШКУ аймагында коопсуздуктун абалы Афганистандагы кырдаалга түздөн-түз байланыштуу экенин айтып, афган маселелери боюнча эл аралык кызматташтыктын негизги приоритети экономиканы жандандыруу, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү болушу керектигин белгиледи.
Коопсуздук кеңешинин катчысы жаңы чакырык, коркунучтар, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу кооптуу көрүнүштөрдү жок кылууга комплекстүү мамилени талап кылып жатканын кошумчалаган.
"ШКУ геосаясий өнүгүүнүн маанилүү борборлорунун бири болуу менен "үч коркунучка" (террорчулук, экстремизм, сепаратизм) каршы туруу боюнча коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантат", — деди Иманкулов.
Булак: NazarNews.kg