www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Кытай 6 ГЭС курат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1 100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров гидроэлектростанциялар курула турган жерди тик учак менен көрүп чыккан.
"ГЭС каскаддарын куруу долбоорунун максаты — электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтуу жана керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү менен сапатын жогорулатуу", - дейт ал.
Ошондой эле Жапаров Дүйнөлүк банктын "Борбордук Азиядагы аймактык байланыштарды жакшыртуу боюнча программалардын үчүнчү фазасы" долбоорунун алкагында Түп — Кеген жана Каркыра — Турук — Сары-Жаз унаа жолдорунун курулушу менен таанышты. Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн жогорудагы жолдорду куруу иштерин 2025-жылы бүтүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, өкмөт башчы Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча аткарылган жана аткарыла турган транспорт, өндүрүш, туризм сыяктуу бир катар тармактардагы аткарылып жаткан иштерден кабардар болду.
Жапаров жыйынтыгында Каракол шаарынын жетекчилигине "Каприз" тоо лыжа базасына бара жаткан жолду реконструкциялоо, оңдоодон өтүп жаткан "Каракол" аэропортуна кошумча жер бөлүү жана шаардагы мал базарды калаанын четине чыгаруу сыяктуу бир катар маселелерди чечүүнү тапшырды.
Булак: NazarNews.kg