www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Султан Раев өзүнүн Facebook баракчасына ата-энесине арнап эскерүү жазды.

Султан Раевдин эскерүүсүн эч өзгөртүүсүз беребиз:

«Апамын актык деми үзүлүп, көзү жумулуп баратканда атамдын айткан сөзү эсимде…

«Кемпир, мага ыраазысыңбы? Мен сенин артыңдан бир-эки күндө барам. Мени күтүптүр…» - деп, жанын сабап, апамдын бырыш баскан колдорун өөп-өөп  ыйлап жиберген эле. Атамдын көзүнөн биринчи жолу жаш көргөм. Атамдын ыйлаганын да биринчи жолу уккам…

Кургап калган эриндерин акырын эпке келтирип, атамдын колун акырын сылап, үнү кысылып, кепке келди…

«Чал, сен шашылба, балдарга баш-көз болуп, беш жылдай туруптур… жаша… Мен сени күтөм. Мен эми эч жакка шашпайм, чал. Шашып жүрүп, өмүр да көзгө чачылган кумдай өтүп кетти», - деп, башын оң тарапка буруп жатып, - Ыраазымын, - деди.

Бүгүн туп-туура беш жыл өттү. Атам апама жол алды… Алыскы-алыскы жолго, өмүр менен өмүрдүн баркын дагы бир жолу эскерткен түбөлүктүү жолго…

Атам десем, ааламдын эскерүүсү көзүмөн учат…

- он төрт жашында Сталинден медаль алганы…

- Улуу Жеңиштен кийин атасын күтүп, 1945-жылы августта атасынын колуна тийген «кара кагазы»

- кырк жыл айылда почточу болуп, минген чобур аты…

- кызыл шыйракка тийген камчы изи…

- денемин баарын бөрү жатыш басып кеткенде атка өңөрүп Кабылан-Көлдөн алып келгени…

- таңга маал, кычыраган суукта кой базарга баратканыбыз…

- Аскерге баратканымда биринчи жолу бетимен өөпкөнү… Баары-баары көздөн учат… Коош ата, биз балдарың сизге Ыраазыбыз…», - деп жазган Султан Раев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости