www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде «коомдук башаламандыкка чакырык таштоо» дегенге чейин ар башка олуттуу күнөө коюу менен кармалгандардын саны өсүүдө, бирок анын себептери бир топ эле майда – социалдык тармактарда жазылган посттор. Кармалгандар дагы аты чыга элек жаш активисттер, ал эми жогору жакка олуттуу сын айткандарга бийлик азырынча тийбейт.
Бул көрүнүш Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан согушу менен байланыштуу кармоолорго окшош – Орусияда эч бир сөз жазылбаган плакат көтөрүп чыккандар дагы кармалып-соттолуп жатат. Ошондуктан Кыргызстандагы окуялар – биз дагы кайчы пикир айткандар менен күрөшүп жатабыз деп орусиялык кураторлор алдында отчёт бергенге окшош.
Дагы бир окшоштук – көптөгөн мындай кармоолор менен катар бир-эки олуттуу сот дагы бар. Орусияда Навальный болсо, Кыргызстанда – Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. Ал эми жалпысынан алганда, бийликтин пикиринен айырмаланган ой айткандын баарынын оозун жабыш керек. Мындай коомдук өнүгүүнүн багыты бир эле – авторитаризм.
Булак: NazarNews.kg