www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура-Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М. жана адиси Д.Н.Д. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  Кыргыз Республикасынын ИИМге караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Талас регионалдык бөлүмүнүн Манас–Кара-Буура секторунун кызмат адамдарынын жана А.Кошонов атындагы Кара-Буура райондук унаамектебинин мугалимдеринин коррупциялык схемасы аныкталды.

Кара-Буура районундагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана унаамектептин айрым мугалимдери акчалай сыйлык үчүн кээ бир жарандарга жол кыймылынын эрежелерин билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө электрондук суроолорго туура жооп берүүгө көмөк көрсөткөндүгү аныкталды. 

Жогорудагы факты боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М., жана адиси Д.Н.Д. кармалды. 

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости