www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстанда ушул айда селден 182 киши каза болуп, 250 киши жарадар болгонун, 3100дөн ашуун үй толугу менен талкаланып, миңдеген мал өлдү. Бул тууралуу Талибандын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
«Ооган Ислам Эмираты суу ташкынына жалгыз туруштук бере албайт, биз дүйнө, эл аралык уюмдар жана ислам өлкөлөрүнөн бизге жардам берүүсүн суранабыз», - деди ал.
Соңку жумаларда сел Ооганстандын борбордук жана чыгыш провинцияларында кеңири кыйроолорго алып келип, миңдеген үйлөрдү агызып кетти жана өлкөнүн экономикалык жана гуманитардык кризисин курчутту.
Борбордук Логар провинциясындагы Хоши районунда гуманитардык кызматкерлер акыркы күндөрдө эгин талаалары ылайга айланган жана өлгөн жаныбарлардын денелери үйүлүп жаткан массалык суу ташкынынан улам кеңири тараган кыйроолор тууралуу айтып беришти.
ЮНИСЕФтин билдиришинче, бул аймакта 20 миңдей адам суу ташкынынан жапа чеккен, 20 адам, анын ичинде кеминде алты бала каза таап, дагы экөө дайынсыз жоголгон.
«Адамдар баарын бир түндө баарын жоготушту. Бул жерде лагерь бар, бирок эл мындан ары эмне болорун, быйылкы кыштан кантип чыгаарын билишпейт», - деди ЮНИСЕФтин Ооганстан боюнча борбордук чөлкөмүнүн башчысы Энн Киндрачук.
2021-жылдын 15-августунда Талибан Кабулду басып алгандан кийин Вашингтон жана башка эл аралык донорлор мамлекеттик бюджеттин 70% каржылаган жардамды алып салганда Ооганстандагы экономикалык жана гуманитардык кризис тереңдеген.
Булак: NazarNews.kg