www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-апрелде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун АКШга болгон сапары аяктады. Сапарда аны жубайы Ким Конг Хи коштоп жүрдү. Түштүк Кореянын биринчи айымы Батыш басылмаларынын көңүлүн өзүнө бурду.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Түштүк Корея президентинин мамлекеттик сапары Байден уюштурган чоң сый тамак менен аяктады. Кечки тамакка Байдендин үй-бүлө мүчөлөрү жана көптөгөн атактуулар, анын ичинде Анжелина Жоли жана анын уулу Мэддокс катышты.
Юн Сок Ёол American Pie ырын аткарып, андан соң ырчы Дон МакКлин кол койгон гитараны белекке алды.
Unexpected moment at the state dinner when the president of South Korea sings “American Pie.” pic.twitter.com/Dus6BiBU9E
— Jeff Mason (@jeffmason1) April 27, 2023
Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, өзүнүн "куурчак" көрүнүшү менен таң калтырган Ким Конг Хи көбүрөөк көпчүлүктүн көңүл чордонунда болду.
Кечеге 71 жаштагы Жилл Байден Reem Acra брендинин кызгылт көк түстөгү узун кечки көйнөгүн кийген. Ал эми Ким Конг Хи узун ак юбка, ак куртка жана кол капты тандаган.
Белгилүү болгондой, Ким Конг Хи 50 жашта, бирок ал бир топ жаш көрүнөт. Түштүк Кореянын биринчи айымы тууралуу маалымат өтө аз. Ал жолдошунан 12 жаш кичүү. Жубайлардын балдары жок. Алар 2012-жылы баш кошушкан жана Ким "президенттин аялы" деген наамды артык көрөрүн билдирген. Ал Covana Contents көркөм көргөзмө компаниясынын директору жана президенти.
Булак: NazarNews.kg