www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык ырчы Малика Дина Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн «Global Repuation Awards» эл аралык сыйлык тапшыруу аземинде «The celebrity singer of the Asia» номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, «Global Repuation Awards» бул бизнес дүйнөсүндөгү глобалдык кызматташтык идеяларын бириктирген долбоор.

Негизги максаты — бул тармакта жогорку натыйжалары менен айырмаланган адамдарды бири-бири менен жакындан тааныштыруу жана алардын иш-аракетин колдоо жана баалоо болуп саналат.

"Номинацияга ээ болуп, сыйлык алгандардын арасында Малика Динадан тышкары өзбекстандык ишкер Луиза Шарахметова, түркиялык жазуучу Эндер Сарач, түрк зергер буюмдарынын брендинин негиздөөчүсү Мюге Онаг, өзбек актрисасы Асоль Шодиева жана башкалар бар.

Иш-чара дүйнөнүн белгилүү бренддеринин негиздөөчүлөрү, ошондой эле бул чөйрөдө добуш берүүгө укугу бар инсандардын катышуусунда өттү", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости