www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл башкармалыгынын адистери тарабынан механикалык жол менен күрөшүү чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти маалымдады.

“Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айыл аймагынын Түп, Сарыбулак, Кутургу айылдарынын ортосунда зыяндуу карантиндик объект – сары чырмоок отоо чөбү менен зыяндалган аянты – 0,08 га, жалпы Ысык-Көл облусу боюнча зыяндалган аянт - 1 га түзөт. Департаменттин Ысык-Көл башкармалыгынын адистери  тарабынан механикалык жол менен күрөшүү чаралары жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, сары чырмоок жана сойломо кекире карантиндик отоо чөптөрүнө каршы 2021-жылы мекеме тарабынан жогорудагы карантиндик отоо чөптөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында жоюу жана жок кылуу боюнча иш чара Планы иштелип чыгып, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына, айыл өкмөттөрүнө, жер ээлерине, дыйкан фермерлерге таркатылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости